Форма входа
Календарь
«  Декабрь 2011  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031
Архив записей
Алатоо жаңылыктары
Мини-чат
Комментарии

ltaletffuy: is cephalexin like amoxicillin metronidazole and amoxicillin for uti <a href="https://healtt


StevenPlend: Hello, kglan.ucoz.org

We can help you rank your website number 1 in Google which would


WandaCargo: I used to active not the present from the Abasan al-Kabira and when nether regions fell from heaven



NataliaPi: Ηеllo!
Реrhapѕ mу messаgе іѕ tоо ѕpecifіc.
Вut my оldеr sіstеr fоund а wоndеrful mаn h


RobertJew: https://clck.ru/36EvYW


IrinaBlups: https://clck.ru/36Evb7


Temir: Сонун го! Укмуш жазыптырсың! Дагы чыгармалар болобу?


Milla: Aiperi klassnaya griwa u teba!


Milla: Batyr wyglyadish nereal'no zdorowo!)))))))))))))

Статистика

Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0
Сообщество кыргызстанских студентов
в городе Ланьчжоу
Главная » 2011 » Декабрь » 9 » Ашусуу болбой тоо болбойт, таймашы жок жеңиш болбойт.
05:39
Ашусуу болбой тоо болбойт, таймашы жок жеңиш болбойт.

  Кытай өлкөсүндө окуган Мекендештерибиз окуу тарабынан гана алдыда болбостон, университетте уюштурулган конкурстарга, таймаштарга да активдүү катышып алдыда болууга жетишишти.

      Жакында эле8-октябрда студенттер арасында жылда уюштурулуучу, кытайча атаганда 《爬山比赛》(pa shan bisai - тоого чыгуу таймашы) деген таймаш болуп өттү. Тоонун бийиктиги 1600 метрге жетет, шаардын четинде жайгашкан.


   Таймашта ар кайсы өлкөнун студенттер арасынан 30дан ашык кыздар, 50гө жакын балдар катышышты. Кыздар арасында 21 жаштагы Мекендешибиз Жумабекова Акылай жана балдар арасында 20 жаштагы Жолдубаев Мирлан биринчи орунду ээлешти. Мындай чоң жеңиш биз үчүн ийгилик жана сыймык деп айтсак жаңылышбайбыз.

   "Кичинекей кезимден эле жеңил атлетикага кызыгам. Буга чейин көп эле таймаштарга катышып келем, бирок бул жолу өзгөчө болду. Биринчи жолу чет өлкөдө Кыргызстандын атынан катыштым. Башка таймаштардан айырмаланып тоонун чокусуна чыгуу болду. Алдын ала эч кандай даярдык болгон жок, бирок чет өлкөдө патриоттук сезим кучөйт экен, кантсе да Кыргызстанды тааныткың келет экен.

Ар кандай жеңишке жеңилдик менен жетүү кыйын, ошондуктан мага да оор эле болду. Биринчи оорунду ээлеп Мекендештеримди кубантканыма сыймыктанам!” деп Жолдубаев Мирлан өз кубанычын айта кетти.

Келечекте мындай эр азаматтарыбыз Кыргызстандын атын дуйнөгө таанытат деп үмүт кылабыз.

Мекендешибиз Жумабекова Акылай да кубанычын толкундоо менен айта кетти: "Биринчи орунду алып калам деп эч ойлогон эмесмин, анткени спортко андай деле кызыкбаймын. Буга чейин эч кандай таймаштарга катышып да көргөн эмесмин. Бул биринчи жолу катышуум болду жана биринчи ирэт эң алдынкы оорунду ээлешим.

Чын эле чет өлкөдө жүрсөң "Мекеним” деп патриоттук сезим ойгонот экен. Эмнеси болсо да, кайсы тараптан болбосун Мекеним алдыда болсо экен деп умут кылат экенсиң.

Таймаш болгон күнү тоонун чокусуна карай чыгып баратып, артымды карасам, моңгол кызы мени коздой чуркап жетейин деп калган экен, ошол кезде патриоттук сезимим кучөдүбү билбейм, кандайдыр бир күч мени колдоп алга карай катуу чуркап женишке жетиштим! Ошол замат чарчаганымды да унутуп, аябай кубандым деп жылмаюу менен сөзун аяктады.

Ушундай патриот Мекендештерибиз бар экенин көрүп тобобуз көккө жетти. Мындан ары да жалаң гана эң алдынкы ийгиликтерге жетишип, Мекендештериңерди кубанта бергиле демекчибиз! Биз силер менен сыймыктанабыз!

Просмотров: 1644 | Добавил: ABT | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *:

Copyright KGLAN © 2025Конструктор сайтовuCoz