Бүгүн, Кыргызстанда каралуучу көйгөйлөр, чечилүүчү маселелер чачтан көп
болуп жатса да, Ак үй менен Көк үйдө олтурган аткаминерлер, жанында
жалпаңдап жүргөн ак жакалуулар саясаттын чалмакейин чалып, жакшы жашоону
курунун ордуна кайдагы кара булут каптаган, бүгүнкүдөн эртеңкиси
бүдмөүк болгон жашоого алып бараткансыйт.
Мына ушундай татааал тагдырда тигилерге окшоп тилди тишке катпастан,
бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселеси болгон «Кыргыз тилине» кайрылып
көйгөйдүн кулагын мен да чойгум келди. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алганына
20-жылдын жүзү болсо да,элеттиктердин эне тили мамлекеттик деңгээлде
кадыресе тил катары колдонулбай энесинен жетим калган баладай,
борборубуз Бишкектин Ош, Баткен, Дордой базарларынын айланасында гана
көчө тили катары колдонулуп келет. Анысы да таза кыргызча эмес « привет,
конечно, давай» - дегенин кошпосо такыр эле тоолук болуп калчуудай
сезилет. Таза кыргызча сүйлөгөн мекендештерибиз азайып кызыл китепке
кирчүүдөй болуп баратат.
Көчө тилинин бүгүнкү тагдыры мынтип баш катырса, мамлекеттин мени менен
сага үлгү болчу апасы да, атасы да канаттандырарлык сүйлөбөгөнү тилимди
кытыштырат. Ишенген экөөнүн кыргыз тил деңгээли ушул болуп жатса,
ЖК-нын жигиттерине кеп жок. Аларыңдын тил деңгээлин ант бергенде көрүп,
мындай ойго кеттим. Буларың кыргыздарга ант бербей эле, шаайлоого чачкан
рубулуңду актаймын Путин байке, - деген сыякту, ал киши түшүнсүн -
дедиби, айтоор антты орусча бергени көбүнө кызык болду. Анысы эми мейли
десең эл алдында жарым жартылай орусча,кыргыча сүйлөшөт. Мен булардан
кантип үлгү алам!?
Кыргыз тили - бул мамлекеттин жүзү. Кыргыз тили - бул кыргыздардын эне
тили, анын байлыгы, ата мурасы. Аны сактап калу жана аны өнүктүрүү
өлкөнүн, ар бир кыргыздын милдети. Эгер сен кыргызстандын жараны кыргыз
болуп, өз эне тилиңди жарды - деп, жашоодо колдонбосоң, анын
айланасындагы маселени чечүүгө аракет кылбасаң, анда айтчы сага эмне
кытай же корей келип кыргызча сөздүктөрдү, китептерди жазып бермек беле.
Эртеңки муундун тагдырына кайдыгер карабасаң, өз балдарыңдын маңкурт
болуусун каалабасаң, анда ар бирибиз салым кошушубуз керек. Бирок
«кантип»? - деген,суроо пайда болот.
Учурда, кыргыз тилинин айланасында бир канча маселелер бар. Мен ойлойм,
биз бул маселени чечүүдө эки жолго таянсак болот. Биринчи жол -
мамлекеттик деңгеелде, экинчи жол - жеке адамдар же болбосо үй-бүлөнүн
деңгээлинде чечүүдө аз да болсо салым кошо алабыз. Маселени мамлекеттик
деңглээде чечүүсүнө мүмкүнчүлүктөр көп жана эффективдүүлүгү чоң. Бирок
негедир мамлекет аны чечүүгө күчү жетпей, ишинин жыйынтыгы жүрөк
жылытчуудай эмес. Анын себеби, айланып эле ак үйгө, аткаруу бийлигине
жана жеке президентке такалып, булардын кулагын дагы эле кызыткым келет. Чоңдоруңдан
«кыргыз тилин» кантип чыныгы жашоого алып келебиз? - деп сурасаң, дароо
эле «Акча жок!» - деп жооп берет. Туура, байкуш силерде акча жок болсо,
карапайым менде кайдагы акча. Силерди ушуга окшогон маселени чечеттеп
эл олтурат, а ишенген кожоң болсо «Акча жок!» - деп башын тырмап, эгиз
төрөөчү эмедей болуп калган курсагын сылайт. Буларың сыртынан кыргызга
окшоп, эне тилим кыргыз тили - дегени менен, жан дүйнөсү, ой толгоосу
орусча болуп, өгөй апасынын тилинде сүйлөп, жан багып жатышпайбы.
Антпесе орус акең колдобой койсо кантип депутат, президент болушат..
Кыргызстандын мамлекеттик, улуттук идеалогиасынын жоктугунан,
лидерлерибиздин ар наамысы жок болуп баратканынан тышкы саясат жана жат
адамдардын саясый кызыкчылыгынын астыныда өлкөнүн эне тили көмүскөдө
калууда Адам
затынын колунан келбеген иш жок.Болгону ал адамдын каалосуна
байланыштуу. Демек, бүгүн болбосо эртең Кыргыз мамлекети үчүн күйгөн
чыныгы эл башчылар келсе эне тилибиз төрдөн оорун алып, жетим баладай
көрүнгөндөн тепки жебей жашообуздан өз ордун табаар.
Бирок, биз катардагы кыргыз жарандары, «алма быш оозума түш» - деп,
олтура бербей, ар бирибиз окууда, коомдук жайларда, коомдук
автоуналарда, базарларда, достор арасында, үйдө ж.б жерлерде кыргызча
таза адабий тилдин деңгеелинде сүйлөөгө аракет жасашыбыз шарт. Мына бул
биздин колдон келген жардам. Анткени, кыргызстандын келечеги биздин
колубузда. Кыргыз мамлекетин мындан ары гүлдөп өскөн, өз алдынча эгемен
өлкө катары көргүбүз келсе, биз сөзсүз кыргыз тилин өнүктүрүшүбүз керек.
Эгемендүүлүктүн белгиси, «Киргизия» эмес «Кыргызстан» - деп жазуу
керек!
|