Форма входа
Категории раздела
Мои статьи [7]
Китай [7]
Кыргызстан [0]
Китайский язык [0]
Алатоо жаңылыктары
Мини-чат
Комментарии

ClaudiaGum: ich mochte hier mal kurz ein spannendes Phanomen teilen, das mir in letzter Zeit aufgefallen ist. Es


ClaudiaGum: Hola, companeros de juego, personalmente, he notado que este sector del juego ha cambiado muchisimo


ClaudiaGum: Ребята вот довольно давно вижу сфера гемблинга ощутимо изменился буквально на наших глазах. Кстати н


Raymondtrags: Tripscan — это современная платформа которая помогает компаниям эффективно управлять своими маршрута


Kevinchila: London — Two Jewish people were stabbed in north London on Wednesday witnesses told CNN in an incide


Geraldgop: Радуга https://rich-house.su/ Введите даты чтобы увидеть актуальные цены https://rich-house.su/servi


fixBiorM: По теме "Верность Клубу: традиции и современные достижения фанатов", там просто кладезь ин


ManuelSoive: Дом Стоматологии в Бутово использует новаторские технологии в протезировании и лечении зубов https:/


Robertced: Компания САБ1 https://drogal.ru/glossary/upakovivanie-dlya-torgovikh-operatsii/ Беремся за такелажны


RobertWrazy: Стандарты и категории защиты от ультрафиолета могут различаться в зависимости от страны но во всех с

Статистика

Онлайн всего: 3
Гостей: 3
Пользователей: 0
Сообщество кыргызстанских студентов
в городе Ланьчжоу
Главная » Статьи » Мои статьи

Когда ты "киргизча" говоришь мне күлкү приходит

Кылымдарды карытып жашап келген чыгармачылык өнөрлөрдун баары ошол элдин акылына, эмгегине, табигый шартына , тарыхый окуяларына жараша жалпы эле жаратылыш менен болгон күрөштө бирге жаралып аны менен чогуу өсүп өнүгөт. Кол өнөрчүлүк , обон күү, кооздук окшогон көп өнөрлөр менен ажырагыс бирдикте жашап келе жаткан тил өнөрү да тынымсыз өсүп олтуруп, кандай гана залкар мурастар жаралган.

Кече гана тиги кырда жок эле , кайдан чыкты "киргиз” деген маңкурт жаш?! , "үч  кыргыз бир оруска  орусча сүйлөйт ,бир орус беш кыргызга орусча сүйлөйт." --- дегендей азыркы учурда кыргыз тилинде сүйлөгөн адамдарды азыраак жолуктурабыз , борбор калаабызда таптакыр жолуктурбай калдык десем деле жаңылышпайм. Эмне үчүн азыркы учурдагы мектеп окуучулары,башканы айтбай еле колу, жөнөкөй "Сенин атың ким?" деген суроого да жооп бере алышпайт. Ал эми кыргыз тилине салыштырмалуу башка тилдерде англис, немис, япон, кытай ж.б. тилдерде аз гана убакыттын ичинде эркин сүйлөп кетишет. Чет тилин китептен окуган бир башка, ошол тилде сүйлөгөндөр менен эркин баарлаша билүү бир башка эмеспи. Мына биз дагы ,коңшу кытай элинин жеринде чет тилин өздөштүрүп жаткан кезибиз.Чет тилин билүү --- ааламга ачылган терезе деп айтсак да болот эмеспи.Ойлоно турган маселе ---- Ар кайсы элдердин өкүлдөрү өздөрүнчө чогулганда өз тилдеринде сүйлөшчү, а биз орусча сүйлөшөбүз. Бир күнү бир кытай : "Силер баарыңар оруссуңарбы?",- деп сурады. "Жок, кыргызбыз, биздин тилибиз такыр башкача", - десем, ал: "Силер эмне үчүн бири-бириңердин тилиңерди үйрөнбөй, жалаң эле орусча сүйлөшөсүңөр?" Мындай жагдайга жеке жана биз еле эмес,көпчүлүк  дагы жолуккан чыгар. Өзүбүздүн кыргыздар, өз эне тилибизди жетишеерлик деңгЭЭлде билбегенибиз Эч кимге жаңылык Эмес.Эгер андай болбосо эмне үчүн Аселибиз --- Ася, Максатыбыз --- Макс ,Каныкейибиз --- Катя болуп чыга келишти?!

Бирге жүрсөм эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди кандай жакшы көрсөм да,
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм...

Эне тил! Ооба, менин эне тилим. Ал кыргыз тили. Үч миң жылдык тарыхы бар эзелки элимдин тили, мекенибизди дүйнө жүзүно дүңгүрөткөн Чыңгыз атамдын тили.
Биринчиден биз ---кыргыз эли ,эне тилибизди терең өздөштүрүп,кадырлап барктай билгенден кийин гана, кыргыз тилин билбегендерди кыргызча сүйлөөгө,аны сыйлап урматтоого,кыргыздын тарыхын,маданиятын, жаратылышин сүйүүгө үйрөтүшбүз керек.Улут болсом,тилим менен улутмун демекчи, мен кыргызча сүйлөсөм,сен кыргызча сүйлөсөң ,коом кыргызча сүйлөйт!

Категория: Мои статьи | Добавил: Angel (29.03.2012) | Автор: Zarina Shakirova E
Просмотров: 1722 | Рейтинг: 2.0/1
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *:

Copyright KGLAN © 2026Конструктор сайтовuCoz