Ырыс
алды — ынтымак
Качандыр
акылман карыя болуп, анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан
акылды укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырт кишилердин баары күлөт.
Чоңу кичинесин сабайт, киченеси чоңуна акырая карайт. Бирдиги жок тогуз баланы
белөк кишилер уруп кетет, атасы балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эч
айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам тобулгуну көтөрүп
келип, балдарын чогултуп алды:
— Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына
бул тобулгуну тобу менен сындыргыла, — деди.
Тогуз
уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган тобулгуну эч кимиси сындыра
албай, акыры шалдайып туруп калышты.
Карыя
тобулгунун боосун чечип:
— Эми бирден сындырып көргүлө, — деди. Балдары тобулгуну
ошол замат чарт-чурт бөлүп:
«Мына,
сындырдык!» — деп мактанышты. Абышка бал-дарын отургузуп алып, нускалуу сөз
баштады:
— Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом.
Душманыңар көп, эгер ыркыңар жок болсо, душман силерди жанагы жалгыз тобулгудай
барча-бурч сынды-рып коёт. Ал эми бооланган тобулгудай бирдиктүү бол-соңор, сындырмак
түгүл, силерди эч ким майтара ал-байт.
Менин айтарым ушул,— деди.
Көп
узабай абышка өлүп калды. Балдары акылга келип, бирдик менен оокат кылып, касташкан
душман-ды жеңип, артык дүнүйөсү болсо бей-бечарага берип, ынтымактуу турмуш
өткөрүптүр. «Ырыс алды — ынтымак» деген сөз ошондон калган экен.
Алтын куш. Кыргыз эл жомоктору / ФРУНЗЕ
«МЕКТЕП» 1982
|