Форма входа
Календарь
«  Июнь 2011  »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930
Архив записей
Алатоо жаңылыктары
Мини-чат
Комментарии

Wesleyfon: Торговое Оборудование Магазинов, Технологическое Оборудование Ресторанов и Столовых, Холодильное Про


Georgeenrog: Рынок логопарков и складов Wildberries Коммерческая недвижимость Недвижимость Ритейл https://bayra.m


Jeffreyrourn: Режимы работы Surgitron EMC https://ellman.ru/diamond


Область применения аппарат


WillieSpulk: Автоматическое оборудование включает в себя высокоэффективные системы, способные работать независимо


Leonardwed: In summary, Polymarket represents a significant evolution in the world of prediction markets. By com


Davidgep: Современное косметологическое оборудование: как выбрать и где купить?
<a href=https://nist


AlekseyDet: Производственное предприятие в Белгороде. Нужны были рецептуры, калькуляции, план производства. Всё


ManuelSoive: Проблемы с зубами и ротовой полостью это серьезное препятствие для нормальной жизни любого человека


Richardrep: In summary, Polymarket represents a significant evolution in the world of prediction markets. By com


DanielShado: In summary, Polymarket represents a significant evolution in the world of prediction markets. By com

Статистика

Онлайн всего: 7
Гостей: 7
Пользователей: 0
Сообщество кыргызстанских студентов
в городе Ланьчжоу
Главная » 2011 » Июнь » 16 » Сабаттуулукту арттырып, макала жазуудан баштайлы
14:57
Сабаттуулукту арттырып, макала жазуудан баштайлы

Ушундай кыйын заманда,
Как раз дуйнолошуу (глобализация) шартында,
Аттандаштык (конкуренция) куч маалында,
Алыскы Ала-Тоо жергесинен,
Ат арытып, жол карытып.
Ашуу ашып, бел ашып.
Мин-мин чакырым жолду басып,
Жайы аптап, кышы суук,
Кытайдын Ланчжоу деген шаарына,
Конуш алып жайгашып,
Агылып Кыргызстан жаштары,
Келиптир Борбордук Азия тараптан.
«Эмне максат менен келдин?» - деп сурасан,
«Билим алуу учун!» - деп жооп кайтарат.
Алар ар турдуу кесиптин ээлери,
Саясатчы, тилчи, мугалим,
Жана башка адистиктер боюнча окушат.
Алыстан байкап карасан,
Ак калпак кийген башына,
Комузун алып колуна,
«Ата Мекеним» ырын ырдашат.

Ат арыса да, жол карыбайт,
Эмгекчил адам жарыса да,
Бекерчи менен жалкоо адам жарыбайт.
Анда эмесе бекерчилик менен жалкоолукту таштайлы да,
Макала жазуу саамалыгын баштайлы!

Урматтуу Ланчжоу шаарында окуп жатышкан кыргызстандык студенттер о.э. жер шарыбыздын жашоочулары, 21-кылымдын адамдары, ар тараптуу онорго ээ, компетенттуу кыргызстандын жарандары, чонтогундо «iphone» телефону, колунда «acer», «sony» компбу бар замандын жаштары жана дуйнолошуу (глобализация) процесси менен катар илимдин аркасынан тушкон мамлекетибиздин келечек ээлери! Биз Кытайга келип окуубуздун эн негизги максаты билим, илим алуу. Аны турмушта колдонуп, дуйно таанубузду кенейтип, коомго, айлана-чойрого кандайдыр бир пайда келтирсек, анда биз «адам» атын татыктуу алып жургон «инсандарданбыз» десек жанылышпайбыз.
Азыркы замандын адиси (современный специалист) – бул коп кырдуу, билими жогору, коп онорлуу, фундаменталдык даярдыгы бар, озунун квалификациясын дайыма жогорулатып туруучу жондомго ээ, коп тил билген акылдуу, айлакер адам. Негизи эле билим алып мыкты даражага жетуу учун талыкпас эмгек талап кылынат эмеспи. Андыктан аракет арты берекет деп билсек, анда талыкпай эмгек кылуубуз зарыл.
Ооба, окуу жайды аяктап, колубузга диплом алган сон баарыбыз тен ишкерчилик чойросундо, фирмаларда, компанияларда, мамлекеттик кызмат тармагында иштеп калуубуз созсуз жана кызмат кылуу убагында кунумдук маселелер менен алпырышуубуз турган иш. (Мисалы, иш-кагаздарын туура, грамматикалык катасыз жазуу адистен чон сабаттулукту талап кылат). Таза, так, сабаттуу, сапаттуу иштеп, ак кызмат кылуу - адистин негизги принциптеринен болуусу шарт, ошондой эле карьералык тепкичтен тепкичке которулуусун, оздук делосундагы он бааларга татуусун жана ийгиликтерди жаратуусун камсыз кылат. Ошондуктан, биз студенттин билимин оркундотуу, ар тараптуу компетенттуулугун байытуу, адилеттуу, объективдуу баалоо жана анализ жасоо жондомдуулугун артыруу, иш кагаздарын туура, катасыз жазуу сабаттуулугун жогорулатуу, репутация чогултуу, оздук кесибинин чойросундогу ишмердуулук тажрыйбасын топтоо жана чыгармачылык талантын остурууго ынгайлуу шарт тузуп буруу максаттарында бугунтон баштап окуучулардын арасында илимий макалаларды (научная статья), эссе, ыр, окуя, баян ж.б. турундо (мейли экономика, билим беруу, эл аралык мамилелер, саясат, коом, турмуш жаатында болсун) жазуу саамалыгын баштайбыз. Макалалар ар бир 6 айда (жарым жылда) журнал турундо басылып чыгат. Андан тышкары Кыргызстандын белгилуу журнал, гезит беттеринде дагы жарыяланмакчы.
Эмне демекчибиз урматтуу Мекендеш, биз болгону силерден колдоону жана активдуулукту (жигердуулукту) гана кутобуз! Барынарга ден-соолук, терен билимди, окуудагы жетишкендиктерди, жашоодогу ийгиликтерди, ынтымак, тынчтык каалайбыз!

Ланчжоу шаарындагы кыргызстандык студенттер уюмунун уюштуруу комитети
Байланыш телефондору: 0086-13139286653, Темир; 0086-13008781710, Эдил
Электрондук дареги: kglanzhou@gmail.com  
КЭР, Ланчжоу шаары, 2011-жылдын 15-июну
Просмотров: 7282 | Добавил: islan21 | Теги: Билим | Рейтинг: 2.0/1
Всего комментариев: 0
Имя *:
Email *:
Код *:

Copyright KGLAN © 2026Конструктор сайтовuCoz