Кыргыз интеллигенциясы "кокуй, "Манасыбызды" кытайлар
тартып алмак болду" деп Кыргызстанда чуулдап жаткан кезде Кытайдын
Ланчжоу университетинде кыргыз студенттери "Манас - кыргыз элинин
мурасы" деп жар салды. Университетте өткөрүлгөн 2-эларалык маданият
фестивалында Эдил деген жигитибиз күпүлдөп "Манастан" үзүндү айтып,
кыргыз улан-кыздары улуу эпосту кытай элине жакшылап тааныштырууга
аракет жасашты.