-Акыркы убакта Ата Мекенден алыстап, чет өлкөдөн билим алган
жаштарыбыздын саны бүгүнкү күндө көбөйүүнүн үстүндө. Бирок ошентсе да
алардын аң-сезими, ойлору, мекенге болгон патриоттуулугу жоголбой, алыс
жакта жүрсө да кыргыз элинин каада- салтын унутпай, калпагыбыздын
кадырын-баркын көтөрүп, кыргыз дегенде жанын садага чапканга даяр болгон
жаштарыбыздын катары калыңдаганы ар бир кыргыз жаранын кубандырбай
койбойт. Мына ушундай кыргыз жаштарынын катарын толуктаган
уул-кыздарыбыз, Кытай Эл Республикасындагы Ланжоу университетинен билим
алышып, ал жердеги ийгиликтери менен кубанычтарын, кыргыз элине жазган
каттарын, жарыялоону туура көрдүк. Эмесе, кеп оролу башынан болсун.
-Убакыт учкан куштай зымырап өтө берет тура. Кечээ эле күз келип,
жаңы окуу жылы башталып, дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн келген
студенттер Кытайдын Ганьсу провинциясындагы атактуу Ланжоу
универс
... Читать дальше »
Ассалому алейкуум, Ак калпактуу элим, Ала-тоолуу жерим!
Кече жакында мекенибизде болуп откон окуялар бутун дуйноо элинин конулун
озуно бурду. Бул жолку «апрель» окуясы башталуу алдында кеебир
журналисттер алда качан калемдерин сыялап даярдап койсо, ал эми
кебирлери уктап калып, аштан кеч калган баладай, алгач Талас жергесинде
окуя башталган кундон тарта, окуядан кабардар болору менен
тушунуп-тушунбой деле, дароо интернет барактарына жазып, радио
билдируулордон кабарлап жатышты.
Биз Кытайда окуп жаткан
кыргыз жаштары, жанылыктан артта калбай окуялардын баардык журушун
баштан аяк интернет туюндорунон окуп, телефон аркылуу окуянын куболору
менен байланышып кабардар болуп жаттык.
Мекен деген ыйык
нерсе тура. Ала-тоодон алыста экенибизге карабай ар дайым журогубуз
кыргыз, кыргыз жери – деп, согуп турат. Бул создор тилдин коркомдугунон
эмес, жур
... Читать дальше »
Кыргыз интеллигенциясы "кокуй, "Манасыбызды" кытайлар
тартып алмак болду" деп Кыргызстанда чуулдап жаткан кезде Кытайдын
Ланчжоу университетинде кыргыз студенттери "Манас - кыргыз элинин
мурасы" деп жар салды. Университетте өткөрүлгөн 2-эларалык маданият
фестивалында Эдил деген жигитибиз күпүлдөп "Манастан" үзүндү айтып,
кыргыз улан-кыздары улуу эпосту кытай элине жакшылап тааныштырууга
аракет жасашты.
Кытайда билим алып жаткан жаштарыбыздын мекендештерине
жолдонгон саламын жана жүрөк кубанткан ийгилиги баяндалган катын
жакында алдык. Катты Лан - Джоу университетинде билим алып жаткан 37
кыргызстандык студенттердин атынан Эдиль Эргешов жазган. Анда эмесе, сөз
оболу башынан болсун.
Кытайдан кат "Саламатсыздарбы,
мекендештер! Сиздерге Кытайда билим алып жаткан жалпы кыргыз жаштарынын
атынан ысык салам жолдоо менен бирге, аздыр-көптүр ийгиликтерибизди тең
бөлүшүүнү туура көрдүк. Кеп башында биз өзүбүз окуп жаткан жогорку окуу
жайы тууралуу азыноолак кеп кыла кетели. Биз Кытайдын түндүк-батыш
тарабынан орун алган Гансу провинциясынын Лан-Джоу шаарындагы Лан-Джоу
университетинде билим алып жатабыз. Бул университеттин 100 жылдык тарыхы
бар жана Кытайдын эң алдыңкы, ири 10 окуу жайынын бири болуп саналат.
Учурда 300 000ден (үч жүз миң) ашуун кы
... Читать дальше »