Кытайда билим алып жаткан жаштарыбыздын мекендештерине
жолдонгон саламын жана жүрөк кубанткан ийгилиги баяндалган катын
жакында алдык. Катты Лан - Джоу университетинде билим алып жаткан 37
кыргызстандык студенттердин атынан Эдиль Эргешов жазган. Анда эмесе, сөз
оболу башынан болсун.
Кытайдан кат "Саламатсыздарбы,
мекендештер! Сиздерге Кытайда билим алып жаткан жалпы кыргыз жаштарынын
атынан ысык салам жолдоо менен бирге, аздыр-көптүр ийгиликтерибизди тең
бөлүшүүнү туура көрдүк. Кеп башында биз өзүбүз окуп жаткан жогорку окуу
жайы тууралуу азыноолак кеп кыла кетели. Биз Кытайдын түндүк-батыш
тарабынан орун алган Гансу провинциясынын Лан-Джоу шаарындагы Лан-Джоу
университетинде билим алып жатабыз. Бул университеттин 100 жылдык тарыхы
бар жана Кытайдын эң алдыңкы, ири 10 окуу жайынын бири болуп саналат.
Учурда 300 000ден (үч жүз миң) ашуун кытай жана 300дөй (үч жүз) дүйнөнүн
ар кайсы өлкөлөрүнөн келген студенттер, анын ичинде 37 кыргызстандык
кыргыз студенттер билим алышууда. Студенттердин билим алуусуна баардык
шарттар түзүлгөн. Чет элдик студенттер үчүн майрам күндөрүндө түрдүү
оюн-зоок, кече, концерттер уюштурулуп турат. Мына ошондой эстен кеткис
майрамдардын бири, жакында эле өткөрүлгөн "Эларалык экинчи маданият
фестивалы" болду.
Өзгөгө өзүбүздү тааныштыруу Фестивалга
Россия, Украина, Америка, Улуу Британия, Испания, Корея, Индонезия,
Египет, Тунис, Бириккен Араб өлкөлөрү жана Кыргызстан, Казакстан,
Өзбекстан, Түркмөнстандан келген студенттер катышышты. Бул фестивалдын
максаты Кытай жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө ар улут өз өлкөсүнүн
маданиятын, тарыхын тааныштыруу эле. Биз кыргыз студенттери
Кыргызстаныбызды өзгөлөргө тааныштыруу үчүн, өзгөчө бийик даярдык
көрдүк. Чыгармачыл жигиттерибиз, акылкөй кыздарыбыздын аракети менен
кыргыздар кылымдарды карыткан улуу эл экенин, дүйнөгө таанымал
"Манасыбыз" бар экенин даңазалап, жетишерлик деңгээлде тааныштыра алдык.
Комуз күүсүнүн коштоосундагы Кыргыз мамлекетинин желегин желбирете
көтөргөн, ак калпакчан жигиттерибиз менен улуттук көйнөкчөн
кыздарыбыздын сахнаны айлана бийлеген бийи, зал толо отургандардын
дүркүрөгөн кол чабуусуна арзыды. Андан соң, кытай тилинде Кыргыз
мамлекетинин тарыхы, маданияты, кереметтүү Ысык-Көлү, улуу "Манас" эпосу
тууралуу доклад жасалды.
"Чоң атамдын жомогу" Ошондой
эле негизги каармандар чоң ата жана анын небереси болгон "Чоң атамдын
жомогу" аттуу сахналаштырылган көрүнүш кытай тилинде көрсөтүлдү. Мында
кытай чал небересине Улуу Жибек Жолу кыргыз жери аркылуу өтүп, Европага
чейин жеткенин, өзгөчө кыргыз жергесинин жаратылышынын кооздугун, элинин
коноктон ашын аябаган меймандостугун, кыргыздардын улуу эл экендигин,
алардын ооздон-оозго айтылып келген "Манас" аттуу эпосу бар экенин айтып
берет. Ошол мезгилде "Манастын төрөлүшү жана бала чагынан" үзүндү
кыргыз тилинде айтылганына карабай, көрөрмандар анын маанисин
түшүнгөндөй зор кызыгуу менен кол чаап узатышты.
Чет элдиктер "Манас" тууралуу Чет
элдик студенттерден "Манас" тууралуу кандай ойдо экендиктерин
сураганыбызда, алар: "башка тилде (кыргызча) айтылып, ага түшүнүшпөсө
да, аны айтып жаткан жигиттин жүзүнөн, айтылуу стилинин өзгөчөлүгүнөн
улам кыргыздардын башка улуттардан өзгөчөлөнгөн кереметтүү өнөргө ээ
экендигине ынандык" деп жооп берип жатышты. Бул туурасында белгилүү
окумуштуу А. А. Диваев 1876-жылы эле "Кыргыздар өздөрүнүн таланты бийик
төкмө, манасчылары, ырчы-обончулары, бүтүндөй бир поэмаларды,
уламыштарды жатка айткан дастанчыларынын көптүгү менен сыймыктанса
болот" деген эмеспи. Жогоруда айтылгандар фестивалдын биринчи
бөлүгүн түзүп, экинчи бөлүгүндө болсо, биздин жигиттер өз колдору менен
кереге, түндүк жасашып, боз үй тигишти. Анын ичинде кыргыздын дүйнөгө
таанымал кишилеринин сүрөттөрү илинип, кыздарыбыз улуттук тамак-аштарды
даярдап коюшту. Баса белгилей кетчү, башкаларды кызыктырган нерсе аппак
түстүү, ак мөңгүнү элестеткен өзгөчө формасы, сайылган саймасы менен
кыргыз жигиттеринин жүзүн ачкан улуттук баш кийимибиз - ак калпагыбыз
жана керегелүү боз үйүбүз болду. Алардын кызыгуусун ушундан билиңиз:
башка өлкөдөн келген студент кыздар биздин ак калпакчан жигиттерибизди
колтуктап, жасаган боз үйүбүздүн айланасында кезектешип сүрөткө түшүп
жатышты, бул бир чети биздин кыздарды кызгантса, бир жагынан "биздин
жигиттер ушундай" дегенчелик сыймыктантып да жатты. Бул сүрөттөр ондогон
өлкөлөргө кетти, кыргыз даамдары фестивалга катышкан канчалаган
өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн эсинде калды. "Манасыбыз" Кыргызстандан келген
жаштардын оозу менен жетти. Акырында, айта кетчү эң негизги нерсе,
фестивалдын жеңүүчүсү катары Ата Мекенибиз - Кыргызстандын аброю
көтөрүлдү дээр элем.
Даярдагандар Асылкан ШАЙНАЗАРОВА, Калыс БОРОНБАЕВ
Р.
S. Эмне дейбиз, бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүшсө да, Мекен туусун бийик
көтөрүп, жүрөгү кыргыз деп соккон мекендештерибизге ийгилик каалоодон
башка айтаарыбыз жок. Бар болгула, боордоштор! http://presskg.com/press/09/1218_16.htm