-Акыркы убакта Ата Мекенден алыстап, чет өлкөдөн билим алган
жаштарыбыздын саны бүгүнкү күндө көбөйүүнүн үстүндө. Бирок ошентсе да
алардын аң-сезими, ойлору, мекенге болгон патриоттуулугу жоголбой, алыс
жакта жүрсө да кыргыз элинин каада- салтын унутпай, калпагыбыздын
кадырын-баркын көтөрүп, кыргыз дегенде жанын садага чапканга даяр болгон
жаштарыбыздын катары калыңдаганы ар бир кыргыз жаранын кубандырбай
койбойт. Мына ушундай кыргыз жаштарынын катарын толуктаган
уул-кыздарыбыз, Кытай Эл Республикасындагы Ланжоу университетинен билим
алышып, ал жердеги ийгиликтери менен кубанычтарын, кыргыз элине жазган
каттарын, жарыялоону туура көрдүк. Эмесе, кеп оролу башынан болсун.
-Убакыт учкан куштай зымырап өтө берет тура. Кечээ эле күз келип,
жаңы окуу жылы башталып, дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн келген
студенттер Кытайдын Ганьсу провинциясындагы атактуу Ланжоу
университетине билим алууга биринин артынан бири агылып келип жатышкан
эле.
Өткөн жылы бул окуу жайда 300дөн ашуун чет элдик студенттин 37си
кыргыз студенти болсо, быйылкы жылы 400дөн ашуун студенттин 44тү биздин
мекендеш кыргыз жаштары экени көпчүлүктү кубантты. Кубанганымдын
себеби: 2007-жылы жаңы окууга келгенибизде бул окуу жайда болгону төрт
кыргыз студент окучу. Эми минтип алардын саны бүгүнкү күндө 44кө
жетти. Балким сиз да жогорку саптарды окуп, «саны көбөйгөнү жакшы, а
сапаты кантти экен» - деген ойлорго кабылышыңыз мүмкүн. Бирок, андай
эмес. «Чет элде баласын окутуу ар бир ата-эненин колунан келе бербейт
эле, дагы бир чөнтөктүүлөрдүн эрке балдары, же болбосо кайсыл бир
бизнесмендин кыздары окуп жатса керек, аларың Оксфордду бүтүп келсе да,
чучук жеп чоңойгон капчыктуунун эрке тайлары карапайым калктын кардын
ойлоп коймок беле» -деп, бир аз кейип да жаткандырсыз. Туура, мен да
сиздин оюңузга кошулмакмын, эгерде мен Кытайда окубаганымда. Анткени мен
да сиз сыяктуу карапайым калктын арасында чоңойгон баламын. Анда кепти
мындайча улайын.
Азыркы кезде англис тилинен аша түшүп модага айланган кытай тилин кимдер
гана окугусу келбейт, болгондо да Кытай жеринде билим алуу ар бир
кыргыз жаштарынын арзуусу болуп келген. Бирок сиз ойлогондой
капчыктуунун баласы болбогон соң, Кытайга келип, 4-5 жыл Кытай
өкмөтүнүн эсебинен каржыланып, Кытайдын жогорку окуу жайында бекер
билим алуу, үч уктасам түшүмө кирчү эмес.
«Жаштын тилегин берет» - дегендей. Жаш кезиңен аракетчил, тырышчаак
болуп, татыктуу билим алууга умтулган жаштарга, жараткандын жардамы
тийип, азыркы тапта терең билим алып жаткан чагы. Студенттердин кыйла
бөлүгү окууга өтүүдө өздөрүнүн билим деңгээлине таянса, айрымдары
Интернет аркылуу окууга өтүшүп, тааныш аркылуу окуу жайдын босогосун
аттагандар аз санда. 44 кыз- жигиттин 99 пайызы карапайым адамдардын
балдары жана алар Кыргызстандын ар кайсыл аймагынан орун алган БГУ,
ОКРСУ (Славян университети), Кыргыз-Түрк «Манас» университети, И.
Арабаев атындагы КМУ, Эл аралык университети сыяктуу жогорку окуу
жайлардан чогулган кыргыз студенттери. Бул студенттердин басымдуу бөлүгү
бакалавр, магистратура жана докторантурада окуп жатышат.
Мекендештерибиздин билим деңгээли, жүрүм-туруму, коомдук иш-чараларга
активдүү катышуусу менен окуу жайда окуган жыйырмадан ашуун өлкөнүн
студенттеринин арасында алдыңкы орундарды бербей келет. Анда кебим куру
болбош үчүн, кечээ жакында окуу жайда өткөн үчүнчү Эл аралык маданий
фестивалдагы жетишкендиктерибизди айта кетейин.
Ал күн, ар бир «Мекеним» деген адамдын унутулгус жана кубанычтуу күнү
эле. Анткени ушул күнү 300000 (үч жүз миңден) ашуун кытай, жыйырма эки
өлкөдөн келген 400дөн ашуун студенти бар бул окуу жайда мекенимдин
туусун бийик көтөрүп, элимдин тарыхын, маданиятын, каада-салтын,
улуттук өзгөчөлүгүн жана жеримдин жаратылышын, өзгөлөргө тааныштыруу
чоң сыймык болчу.
Мына мындай чоң иш-чара болоорун уккан күндөн тарта «Кыргызстан жаштары»
ал орус, сен дунган, мен кыргыз» - деп бөлүнбөй, баарыбыз бирдикте
даярдандык. Ушундай жакшы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, кыргызым
кылымдарды карыткан улуу эл экенин жана анын маданиятын, каада-салтын,
Улуу Манас эпосун, кереметтүү Ысык-Көлүн, ошондой эле кооз жаратылышын
фестивалда тааныштырып жаттык.
Бул фестиваль эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө маданият тармагы,
экинчи бөлүгүндө сүрөт, буюм-тайымдар жана көрсөтмө куралдар менен өз
өлкөсүн тааныштыруу болгон соң, кыргыз жаштары биринчи бөлүктү комуз
күүсүнүн коштоосунда Кыргызстандын туусун көтөргөн жигит сахнаны айланта
желбиретип, анын артынан бийчи кызыбыз чимирилте бийлеп концерттин
биринчи бөлүгүн ачса, ага улай комузда колун ойноткон кыргыз кызы «Маш
ботойду» чертип, көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алып жатканда, ак куудай
болгон кыздарыбыз кыргыз бийин бийлеп киргенде көрөрмандардын дүркүрөгөн
кол чабуулары бизге өтө чоң дем берди. Биз бул бөлүктүн аягын ырчы
Мирбек Атабековдун «Ата Мекеним» деген ырын кыргыз тилинде ырдап
жыйынтыктадык.
Экинчи бөлүктө жигиттерибиз өз колдору менен кереге, түндүк жасап, боз
үйдүн ички көрүнүшүн тургузушса, боз үйдүн ичинде Кыргызстандан ала
келген улуттук буюм-тайымдарыбыз, курут, майларыбыз жана кыздарыбыз
жасаган боорсок, быжы, жөргөм сыяктуу улуттук тамактар дасторкондун
көркүн ачып, көргөндүн көз жоосун алып, даам таткандардын оозунда калды.
Дагы бир өзгөчөлүк, Кыргызстан тоолуу өлкө экенин эске алып, көрсөтмө
куралыбызда Ала-Тоонун көрүнүшүн жасадык. Кыздарыбыз, улуттук көйнөк
тиктирип кийишсе, балдарыбыз башына ак калпак кийип, мойнуна мекенинин
желегин илип турду.
Мунун баарын байкап жаткан биздин казак баурлаштарыбыз суктанып:
«бүгүн булар минтип укмуштуудай мекенин даңазалап көрсөтүп жатса, эч
ким ойлобойт акыркы күндөрү Кыргызстанда эмнелер болгонун, чыныгы
патриоттор экен, мына ушулар Кыргызстандын келечеги, ушулар өлкөсүн
өнүктүрөт»,-деп бизге таң берди.
Мүмкүн ойлоп жаткандырсыз «булар өздөрүн мактаганды жакшы көрөт экен» -
деп, а бирок биз айтайын деген ой бүгүн Кыргызстан оор күндөрдү башынан
кечирүүдө. Элибизге моралдык жактан колдоолор зарыл. А биз кыргыз
жаштары,чет элде билим алуу кезинде жетишкен ийгиликтерибизди кабарлап,
кубанычтарыбызды тең бөлүп, сиздерге дем-күч бергибиз келет. Үзүлгөндү
улаган, чачылганды жыйнаган, жоктон барды кураган өз элинин патриот
жаштары өсүп келе жатышат, алар «өлкөбүздү өнүктүрөбүз» - деген
ураанды туу тутуп, эли үчүн күйгөн жаштар алыс жакта билим алып,
тажрыйба топтоп жүрүшөт. «Ыйлаба кыргызым, түгөнбөйт ырысың, азаптан
алып чыгат, буюрса, уул-кызың» - деп, жалпы кыргыз элине кайрылат, ошол
Кытайдан билим алып жаткан кыргыз жаштары.
Эдил Эргешов Максат ИСАБЕКОВ, «Эркин Тоо»
|