Dear
friends,
I am happy to welcome you to our website! My name is Shakirova Zarina and I am
the administrator of Student’s Union in Lanzhou. Welcome to our Union. If you
feel interested in our Union, please don’t hesitate to join us. If you have any
questions, please contact us.
"Student’s Union in Lanzhou”
Кош келиңиздер, биздин уюмдун интернет-баракчасына!
Уюмдун максаты кыргыз жаштарынын ынтымагын чыңдоо, патриоттук сезимин көтөрүү, билим алуу кезинде жаралуучу ар кандай маселелерди биргеликте чечүү, ар жылы окуу жайларында өткөрүлчү маданий иш чараларды биргеликте өткөрүү жана Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырууну каалаган өлкөбүздүн жаштарына керектуу маалыматтарды жеткирүү.
В ежегодных спортивных соревнованиях Ланьчжоуского университета, в котором также могут участвовать и иностранные студенты, наши соотечественники Мирлан и Бактыбек заняли первые и вторые места по легкой атлетике. Молодцы! Мы гордимся вами!
Кытай өлкөсүндө окуган Мекендештерибиз окуу тарабынан гана алдыда болбостон, университетте уюштурулган конкурстарга, таймаштарга да активдүү катышып алдыда болууга жетишишти.
Жакында эле,8-октябрда студенттер арасында жылда уюштурулуучу, кытайча атаганда 《爬山比赛》(pa shan bisai - тоого чыгуу таймашы) деген таймаш болуп өттү. Тоонун бийиктиги 1600 метрге жетет, шаардын четинде жайгашкан.
Бүгүн, Кыргызстанда каралуучу көйгөйлөр, чечилүүчү маселелер чачтан көп болуп жатса да, Ак үй менен Көк үйдө олтурган аткаминерлер, жанында жалпаңдап жүргөн ак жакалуулар саясаттын чалмакейин чалып, жакшы жашоону курунун ордуна кайдагы кара булут каптаган, бүгүнкүдөн эртеңкиси бүдмөүк болгон жашоого алып бараткансыйт.
Мына ушундай татааал тагдырда тигилерге окшоп тилди тишке катпастан, бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселеси болгон «Кыргыз тилине» кайрылып көйгөйдүн кулагын мен да чойгум келди. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алганына 20-жылдын жүзү болсо да,элеттиктердин эне тили мамлекеттик деңгээлде кадыресе тил катары колдонулбай энесинен жетим калган баладай, борборубуз Бишкектин Ош, Баткен, Дордой базарларынын айланасында гана көчө тили катары колдонулуп келет. Анысы да таза кыргызча эмес « привет, конечно, давай» - дегенин кошпосо такыр эле тоолук болуп калчуудай сезилет. Таза кыргызча сүйлөгөн мекендештерибиз азайып кызыл китепке кирчүүдөй болуп баратат.
Көчө тилинин бүгүнкү тагдыры мынтип баш катырса, мамлекеттин мени менен сага үлгү болчу апасы да, атасы да канаттандырарлык сүйлөбөгөнү тилимди кытыштырат. Ишенген экөөнүн кыргыз тил деңгээли ушул болуп жатса, ЖК-нын жигиттерине кеп жок. Аларыңдын тил деңгээлин ант бергенде көрүп, мындай ойго кеттим. Буларың кыргыздарга ант бербей эле, шаайлоого чачкан рубулуңду актаймын Путин байке, - деген сыякту, ал киши түшүнсүн - дедиби, айтоор антты орусча бергени көбүнө кызык болду. Анысы эми мейли десең эл алдында жарым жартылай орусча,кыргыча сүйлөшөт. Мен булардан кантип үлгү алам!?